Издөөдөгү Райымбек Матраимов Азербайжанда, — УКМК

Издөөдөгү Райымбек Матраимов Азербайжанда, — УКМК

УКМКнын ыкчам маалыматына ылайык, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экени аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

“Буга байланыштуу аны кармоо боюнча Азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатышат.

Ошол эле учурда ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Райымбек Матраимов Кыргызстандын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун Кыргызстанда кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан. Алар — Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С, Мамедов З.И.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>