Кыргызстан менен Грузия «жашыл» долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөөдөЖК төрагасы: Абдибаева педофилдерди коргоону көздөгөн эмесАдылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыКыргызстанда мигранттарды ишке орноштуруучу агенттиктер лицензиялоо тартибине өткөрүлөтТалас облусунда 320 млн сомго 300 гектарлык органикалык агрокомплекс ачылдыОш шаарында борбор азиялык сүрөтчүлөрдүн «Jai Jai» көргөзмөсү өтөт
Ташиев: Матраимовдун мойнуна 200 миллион доллар илинди
17.05.2024 | 12:21
Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 миллион доллар илинди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунундагы жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Матраимовдор бажы тармагынан акча уурдоону токтоткон эмес.
“Аны биз биринчи кармаганда акча төлөп чыккан. Биз ага кайра мамлекеттик казынага кол салбоо шартын койгонбуз, бирок бир жыл өтпөй кайра эле баштады: бажыга олтурду, мурдагыдан көп уурдап, криминал менен достошуп, ишкерлерди коркутуп-үркүтүүнү колго алды. Анан биз чара көрүүгө мажбур болдук. Ошондо дагы качпа десек, качып кетип, Бакудан бир туугандары менен кошо кармап келдик. Мойнуна 200 миллион доллар илинди”, – деди Камчыбек Ташиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат