Ташиев: Соттор 100 миң долларлык  унаа айдап, 5 миң долларлык шуба кийет

Ташиев: Соттор 100 миң долларлык  унаа айдап, 5 миң долларлык шуба кийет

Кыргызстанда соттор өтө бай жана мүлкүн декларацияда толук көрсөтпөйт деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүнкү маалымат жыйында.

“Соттордун машинеси 100 миң доллар, бир кийген шубасы 5 миң доллар, турат. Кечээ бир судья үй-бүлөсүн алып Дубайга учуп кетиптир. Ал боюнча териштирүү башталды. Алар 15-20 миң доллар акча коротот экен, каражатты кайдан алышат? Жакында эле кармалган судьянын бир нече батири бар экен. Мындан ары соттор хрущевкасында жашай турган болушат” — дейт Ташиев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>