Айыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлду
Тажик тараптан сабалган 4 окуучу ооруканадан чыкты
24.09.2021 | 11:42
Тажик тараптан сабалган 4 кыргыз окуучу ооруканадан чыкты. Бул туурасында Баткен райондук бириктирилген ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нурболот Мурзафаров, Мыктыбек Жоробаев, Орозбек Маматазимов, Шумкарбек Вахаповдор бет жаактарынан жана ич жактарынан жеңил жаракаттарды алган. Ушул тапта абалдары жакшырып, бейтапканада жатып дарыланууга муктаждыктар жок болгондуктан үйлөрүнөн дарыланышууда.
Баары тең 14 жашта. 2007-жылы туулушкан.
23-сентябрь күнү булар тажикстандык 11-класстын 30га чукул окуучусунан таяк жешкен. Муну менен катар кыргыз тараптан ата-энелер да сабалганы кабарланган. Мындан улам бейтапканада жеткирилгени айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар