Франция Бишкектеги метро жана трамвайдын ТЭОсун иштеп чыгууну колдоого даярДрондор, айып упайлары жана жаңы чектөөлөр — ИИМ эмнелерди сунуштоодо?Кыргызстандын ар бир тургунуна чекене соодадан 159 миң сомдон туура келгенОктябрдан апрелге чейин кумшекер импортуна тыюу салуу: «Кант» агрокластеринин сандар менен түшүндүрмөсүКыргызстанда жасалма эсеп-фактуралар жана жалган бизнес үчүн жоопкерчилик күчөтүлөтКөрүүнү кантип сактоо керек: Бишкек ден соолук борборунун адистеринин сунуштары
Тажик тараптан сабалган 4 окуучу ооруканадан чыкты
24.09.2021 | 11:42
Тажик тараптан сабалган 4 кыргыз окуучу ооруканадан чыкты. Бул туурасында Баткен райондук бириктирилген ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нурболот Мурзафаров, Мыктыбек Жоробаев, Орозбек Маматазимов, Шумкарбек Вахаповдор бет жаактарынан жана ич жактарынан жеңил жаракаттарды алган. Ушул тапта абалдары жакшырып, бейтапканада жатып дарыланууга муктаждыктар жок болгондуктан үйлөрүнөн дарыланышууда.
Баары тең 14 жашта. 2007-жылы туулушкан.
23-сентябрь күнү булар тажикстандык 11-класстын 30га чукул окуучусунан таяк жешкен. Муну менен катар кыргыз тараптан ата-энелер да сабалганы кабарланган. Мындан улам бейтапканада жеткирилгени айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар