Орусия: Жүрөктү титиреткен авариядан кыргызстандык каза болушу мүмкүн (ФОТО)

Орусия: Жүрөктү титиреткен авариядан кыргызстандык каза болушу мүмкүн (ФОТО)

Орусиянын Тул облусунда жүрөктүн үшүн алган  авария 23-сентябрда болду. 4 киши каза тапты. Анын үчөө эркек, бири аял. Бирөө жаракат алган. “Каспий” жолунда Scania, Mercedes жана Foton үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

Жергиликтүү күч органдарынын маалыматына караганда, Foton алдыда, анын артынан Scania келе жаткан, бир маалда Mercedes фурасы алардан ашып өтүү үчүн жолдун каршы тилкесине чыккан. Бирок, алар аралыкты сактап келе жатышканына карабай, бири токтоно албай Fotonдун артына кирип кеткен.

Reporter.kg′ге Москвадагы кыргыз диаспорасындагылар арасында каза болгондордон кыргызстандыктар бар болушу мүмкүн деп билдиришти. Учурда диаспора окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>