Аскер кызматкерлеринин айлык акылары 50%га чейин көтөрүлдү

Аскер кызматкерлеринин айлык акылары 50%га чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-августтан тарта аскер кызматкерлеринин айлык акылары 30-50 пайызга чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов билдирди.

Анын айтымында, аскердик курамдын (офицердик) айлык акылары орточо эсеп менен 50 пайызга, сержанттык курамга 30 пайызга кошулган. Ошондой эле үч жыл мурда сержанттык курамдын айлык акысы 30 пайызга көтөрүлгөн.

«Алардын жалпы фонду 60 пайызга чейин көтөрүлдү. Мисалы, буга чейин взводдун командири 7600 сом алса, учурда ал 12 миң сом алат. Биз аскер кызматчыларынын айлык акысын ар айдын аягында беребиз. Бул айдын аягында алар жаңы эмгек акы менен акчаларын алышат»,- дейт ал.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин пенcиясы да 30-50 пайызга чейин көтөрүлгөн.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенcиясы акыркы жолу 2011-жылы көтөргөн. Ал эми учурда аскер кызматкерлеринин көтөрүлгөн соң пенсиянын минималдуу суммасы 5 миң сомду, ал эми эң жогорку суммасы 30-35 миң сомду түзөт.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>