Кыргыз-Тажик чек арасынан массалык мушташ чыкты

Кыргыз-Тажик чек арасынан массалык мушташ чыкты

Кечээ,  23-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма аймагынан мектептен кайтып келе жаткан төрт кыргыз окуучуларын 30 га жакын тажик айылынын 11-классынын окуучулары ур-токмокко алышкан. Натыйжада 4 кыргыз окуучусу денелеринен түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз окуучуларынын ата-энелери жана бир туугандары кошо сабалган. Тажик тараптан ата-энелерден экөөсү ур-токмокко алынган. Окуядан соң эки тараптан 20-40 чакты тургундар топтолушкан.

Окуя катталгандан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана тиешелүү укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген тажик делегациясы менен жолугушкан. Эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  укук бузгандарга мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга макулдашты.

Учурда чек аралаш аймактарда коомдук саясий абал тынч. Укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>