Текебаев менен Курсан Асанов өлкөдөгү саясий абалды талкуулады

Текебаев менен Курсан Асанов өлкөдөгү саясий абалды талкуулады

Саясатчы Өмүрбек Текебаев менен президенттикке талапкерлигин койгон ички иштер минитринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жолукту. Бул тууралуу журналист Турсунбек Бейшенбеков Facebook баракчасына жазды.

Жолугушуу учурунда алар өлкөнүн учурдагы абалы, социалдык-экономикалык жагдайлар жана саясий көйгөйлөрдү талкуулашкан.

“Текебаев тажрыйбалуу саясатчы катары Асановго өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл насаатын, кеп-кеңешин айтты. Ошондой эле Текебаев Асановго күчтүү саясий эрк жана кайраттуулук каалап, бул жолду ишенимдүү жана татыктуу улантууга тилектеш экенин билдирип, элдик генералга ак батасын берди. Курсан Асанов Өмүрбек Текебаевге колдоосу жана баалуу кеңештери үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда тартипти орнотуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди”, – деп жазган Бейшенбеков.

Курсан Асаноы 5-9-октябрдагы окуялар учурунда ички иштер министринин милдетин аткарып турган. Бирок ал 10-октябрда башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камакка алынып, бир айдан соң үй камагына чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>