Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
ТИМ: Орусияда эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылды
29.04.2025 | 09:52
25-апрелде Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында жол кырсыгы болуп, 21 жаштардагы М.А. жана И.К. аттуу кыргызстандык жарандар жабыркаган. Бул тууралуу ТИМ 28-апрелде билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аларды 65 жаштагы айдоочу «Тойота Саксид» үлгүсүндөгү унаасы менен жөө өтмөктө сүзүп кеткен.
ТИМ Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы бөлүмү жана Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы консулу укук коргоо органдары менен байланышта болуп, бул окуянын бардык жагдайларын тактап жатышканын билдирди.
Ошондой эле Орусия тарапка окуя боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар