Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулуудаЭВФ Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнөлүк экономика үчүн тобокелдиктер тууралуу эскертти«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутат
Тоңдо Үч-Коргон суу сактагычынын курулушу башталды
05.06.2024 | 19:00
Тоң районунда көлөмү 4,3 млн куб метрди түзгөн Үч-Коргон сезондук жѳнгѳ салуу бассейнинин курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, бассейнди куруу Тоң дарыясынын вегетациялык эмес агымын жөнгө салуу менен аймактагы сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт. Натыйжада Тоӊ районундагы Төрт-Күл, Күн-Чыгыш, Болот Мамбетов жана Тоӊ айыл өкмөттөрүнүн 4 113 гектар сугат жерин суу менен камсыздоо жогорулайт. Анын негизинде 817 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.
Курулуш иштерин бүтүрүү 2025-жылдын декабрь айына пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом