Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Тоноо үчүн издөөдө жүргөн жана намазканадан акча уурдаган шектүү кармалды
24.01.2024 | 16:14
Издөөдө жүргөн жаран адамды жүзүнөн тааныган камеранын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган Т.Р. аттуу жаран буга чейин “тоноо” фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Ал Бишкектеги коомдук жайларда орнотулган адамды жүзүнөн тааныган камерага түшүп калып, милиция тарабынан колго түшүрүлгөн.
Министрликтен белгилешкендей, аталган жаран буга чейин дагы Чүй облусундагы намазканалардын бирине кирип, акча уурдаганы видеобайкоо камераларга түшүп калган.
Учурда тергөө иштери уланууда.