Билимге умтулган аялзаты. “Кыргыз кызы” эстелиги Германияда орнотулат

Билимге умтулган аялзаты. “Кыргыз кызы” эстелиги Германияда орнотулат

Тюрингиянын борбору- Эрфрут шаарында “Кыргыз кызы”  эстелиги орнотулат. Бул тууралуу элчи Өмүрбек Текебаев билдирди.

Калаа мэри Кыргызстандын айкелди орнотуу сунушун дароо колдоп, аны жергиликтүү депутаттардын кароосуна киргизе турган болду.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, «Кыргыз кызы» скульптурасы өткөн кылымдын 20-50- жылдарындагы кыргыз элинин жаңыланган турмушунун маанилүү символу болуп саналган Семён Афанасьевич Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы» аттуу атактуу картинасынан шыктанып жасалган.

“Скульптуранын концепциясы картинанын символикасына негизделип, кыздын жаңы муундун духун, илим-билимге, эркиндикке жана келечекке ишенимдүү караган, өсүп-өнүгүүнү максат кылып, ал үчүн күрөшүүгө умтулуусун чагылдырат. Жаштык, тазалык жана үмүт менен сугарылган окуучу кыздын дене түзүлүшү – бул баалуулуктардын  эле элеси эмес, аялдын коомдогу активдүү ролуна өтүүнүн символу”, — дейт элчи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>