БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
29.01.2025 | 13:23
Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 30-январдан 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Министрлик айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом