Жайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант берет
Төрт айда Ысык-Көлдөн 10,4 тонна таштанды чыгарылды (видео)
18.07.2023 | 13:46
Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде ӨКМдин суучулдары көлдү тазалоону жигердүү улантууда.
Азыркы тапта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.
Эс алуу жайларын атай кетсек, “Ак-Бермет”, “Рахат”, “Алтын-Көл”, “Элинг”, “Евразия” жана ден соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текешерилип, тазаланды.
17-июлда 115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянт тазаланып, көл түбүнөн 97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом