Белбоо күрөшү боюнча курама команда дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди

Белбоо күрөшү боюнча курама команда дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында (Казакстан) өткөн дүйнө чемпионатында 13 медаль (4 алтын, 1 күмүш, 8 коло) жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз-келиндер арасында күрөштүн эркин түрү боюнча +76 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова коло медаль утту.

Эркектер арасында күрөштүн эркин түрүнөн 62 кг чейинки салмакта Толубай Шүкүров, 90 кг чейинки салмакта Бектуркан Кожомуратов жана 100 кг чейинки салмак категориясында Баястан Идирисов алтын медаль тагынышты. Ал эми 82 кг чейинки салмакта Мадаминбек Шаршеналы күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле, 68 кг чейинки салмакта Мирлан Осмоналы уулу, 75 кг чейинки салмак категориясында Айболот Аманов, 90 кг чейинки салмакта Болотбек Туратов жана +100 кг салмакта Бактияр Мирлан уулу күмүш медаль утушту.

Эркектер арасында классикалык түрү боюнча +100 кг салмакта Бактияр Мирлан уулу алтын медаль тагынды. Ошондой эле 57 кг чейинки салмакта Нурислам Алимбеков, 75 кг чейинки салмак категориясында Айболот Аманов жана 82 кг чейинки салмакта Манас Үсөнов коло медаль женишти.

Белгилей кетсек, мелдеш 14-16-июль күндөрү өтүп курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу жана Нурбек Кожобековдун жетечилиги алдында мелдешке катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>