14 айлык аскердик кызмат. Президент мыйзамга кол койду

14 айлык аскердик кызмат. Президент мыйзамга кол койду

Аскердик кызмат өтөгөн жоокерлерди кошумча эки айга чейин калтырып калууга укук берген мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам быйыл 7-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда жазылгандай, жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган жарандардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга узартылып, тиешелүү аскер жетекчилигине мөөнөттүү (12 ай) аскердик кызмат өтөп жаткан жоокерлерди кошумча эки айга чейин алып калууга укук берилет.

«Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү каралган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>