Трамп АКШ баңги картелдерине каршы кургактагы операциясын баштай тургандыгын билдирди

24.10.2025 | 12:22

АКШнын президенти Дональд Трамп баңги картелдерине каршы кургактагы операция башталарын билдирди. Бул тууралуу ал 23-октябрда Ак Үйдөгү жыйында билдиргенин Reuters маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Трамп анын администрациясы баңги картелдерине каршы жүргүзүлүүчү операциялар тууралуу АКШ Конгрессин кабарлоону пландап жатканын билдирген.

«Жок, мен согуш жарыялоону сөзсүз талап кылабыз деп ойлобойм. Биз жөн гана өлкөгө баңгизаттарды ташып келген адамдарды өлтүрөбүз деп ойлойм. Түшүнүп жатасыңдарбы? Биз аларды жок кылабыз», -деген АКШ президенти.

Reuters АКШнын куралдуу күчтөрү Кариб аймагына келип, бул жерде башкарылуучу ракеталар менен жабдылган эсминецтерди, F-35 учактарын, атомдук подводдук кайыгын жана миңдеген аскер кызматкерлерин жайгаштырып жатканын билдирди.

“Венесуэланын президенти Николас Мадуро бейшембиде АКШ өлкөнүн иштерине аралашса, «жумушчу класстын көтөрүлөрүн жана бийлик калыбына келтирилгенче көчөлөрдө жалпы иш таштоо жарыялаларын» эскертип, «миллиондогон эркектер жана аялдар винтовкалар менен өлкө боюнча марш кыларын» билдирди”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top