Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп бүткөн биринчи үйлөр 10-декабрга чейин жарандарга берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Туманбаев үйлөр жарандарга электрондук кезек боюнча берилерин айтты. Быйыл жалпы 2200гө жакын үй-бүлөгө батирлер тапшырылат деп пландалууда.
Ал курулуштун жүрүшүндө Кыргызстан өтө чоң курулуш иштерине даяр эмес экени көрүнгөнүн айтты. Цемент, курулуш материалдары жок болгон учурлар болгон.
«Эми гана өз нугуна түштү. Кээ бир курулуштар цементтин, курулуш материалдарынын жоктугунан кармалып калды. Азыр өз нугунда баратат», — деди ал.