Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Бишкекте уурулук кылууга шектелген жаран Оштон кармалды (видео)
21.11.2024 | 14:59
Бишкекте уурулук кылууга шектелген жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-октябрда борбор калаадагы көп кабат үйдүн подъездинен 127,5 миң сомдук велосипед уурдалган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштери учурунда шектүү 29 жаштагы жаран (А.Ч.) экени жана Ош шаарында жашырынып жүргөнү аныкталган. Милиция кызматкерлери аны Ошко барып кармап келген.
Кармалган жаран башка уурулук фактыларына катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Учурда иликтөө уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0705 070808, 0772 803038 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом