Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Туманбаев мамлекет курган ипотекалык үйлөр жарандарга качан берилерин айтты
21.11.2024 | 14:06
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп бүткөн биринчи үйлөр 10-декабрга чейин жарандарга берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Туманбаев үйлөр жарандарга электрондук кезек боюнча берилерин айтты. Быйыл жалпы 2200гө жакын үй-бүлөгө батирлер тапшырылат деп пландалууда.
Ал курулуштун жүрүшүндө Кыргызстан өтө чоң курулуш иштерине даяр эмес экени көрүнгөнүн айтты. Цемент, курулуш материалдары жок болгон учурлар болгон.
“Эми гана өз нугуна түштү. Кээ бир курулуштар цементтин, курулуш материалдарынын жоктугунан кармалып калды. Азыр өз нугунда баратат”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом