Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Тумандан улам “Манас” аэропортунда каттамдар кармалууда
06.12.2020 | 13:01
“Манас” эл аралык аэропортундагы коюу тумандан улам өлкөгө келе турган жана сыртка учу турган каттамдар кармалып жатканын аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө учак көтөрүлүшү үчүн 300 метр аралык көрүнүшү керектиги, бирок учурда 175 метрден алыс жер көрүнбөй жатканы айтылат.
Мындан улам Москва менен Ош шаарларын келчү каттамдар кармалып тургандыгы жана Бишкектен Стамбулга бара турган учак уча албай жаткандыгы кабарланды.
“Манас” аэропорту жарандардан каттамдардын кармалышына түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.
Жүргүнчүлөр каттамдар боюнча (0312) 69-31-09 номерине байланышып, маалымат алса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом