Артем Новиков бажыдагы коррупцияны кантип кыскартуу керектигин билет

Артем Новиков бажыдагы коррупцияны кантип кыскартуу керектигин билет

Чек ара аркылуу товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат. Бул туурасында премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы бажы кызматынын маалыматтык тутумунун иши менен таанышып жатканда айткан.

Анын айтымында, транспорттук каражаттарды фиксациялоо, эсепке алуу, анын ичинде танспорттук каражатты чек арадан өткөрүү аракеттери, номерлерин сканерлөө, бажы документтерин тариздөөдөдөн баштап, адамдык факторду четтетүү масксатында аларды маалымат базасына киргизүү жаатында сын-пикирлер бар.

Көзөмөл-өткөрүү пунктун барып көрүүдө премьер-министрдин м.а. тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берген.

Ал бир жумалык мөөнөттө өлкө ичинде санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарлардын жүрүү тобокелдигин четке кагуу максатында товарларды жүктөө, дезинфекциялоо, ташуу, электрондук коштомо документтерди тариздөө, өткөрүү пунктунун чегинде товарларды бажылык тазалоо боюнча кошумча мүмкүнчүлктөр боюнча бирдиктүү алгоритмди аныктоону тапшырган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына бир жумалык мөөнөттө товарлардын жүрүүсүн автоматтык эсепке алуу, жүк декларациясында кол менен түзөтүү мүмкүнчүлүгү чектелген биридиктүү электрондук маалыматтар базасын уюштуруу боюнча бирдиктүү концепцияны иштеп чыгуу, ошондой эле бул тутумду салмак көлөмдүк көзөмөлгө жана инспекциялык-текшерүү комплексине кошуусу тапшырылган.

«Мен «Торугарт-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү тапшырмасын бердим. Бажы тутумун модернизациялоонун алгачкы жыйынтыктарын бажы кызматынын борбордук аппаратындагы товарларды эсепке алуунун бирдиктүү операциялык борборун ишке киргизүүдө көрөбүз деп ишенип жатабыз. Аталган борборду ачуу тапшырмасы берилген жана бүгүнкү күндө ал иш жыйынтыкталуучу стадияда турат. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин борбордун ачылышына жана тийиштүү өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ойлойм», — деген Артем Новиков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>