ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Түндө Чаткал менен Таласта жер титиреди
06.10.2025 | 09:17
Өткөн түнү Чаткал районунда жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 6-октябрга караган түнү саат 02:29да катталган. Силкинүү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.