«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?

13.09.2025 | 12:00

Булуттук электрондук кол тамга (БЭК) – жеке өз колу менен коюлган кол тамганын электрондук түрү. Анда адам жөнүндө бардык керектүү маалыматтар сакталат.

Электрондук кол тамга менен “Түндүк” мамлекеттик порталы жана тиркемеси аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аны менен электрондук маалымкаттарды, документтерди алууга, алтургай юридикалык жактар үчүн ай сайын салык отчетун тапшырууга болот.

Электрондук кол тамганы кантип алуу керек?

Электрондук кол тамганы калкты тейлөө борборуна (КТБ) барып алуу керек. Ал акысыз түрдө 12 айга берилет.

Калкты тейлөө борборунда электрондук кол тамганы алуу узак убакытты талап кылбайт. Кызматкерлер бир нече мүнөттүн ичинде кол тамганы беришет. Ал эми бирдиктүү идентификациялоо системасынын паролун жарандын электрондук почтасына жөнөтүшөт.

Электрондук кол тамганы алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Жеке жактар үчүн паспорт, юридикалык жактар үчүн катталгандыгы жөнүндө күбөлүк көрсөтүү зарыл;
  • Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү формасын толтуруу кажет;
  • Электрондук кол тамганын паролун алуу үчүн зарыл болгон электрондук кол тамганы көрсөтүү керек.

Электрондук кол тамганын мөөнөтүн кантип узартуу керек?

Электрондук кол тамга 12 ай мөөнөткө гана берилет. Мөөнөтү өткөндөн кийин аны узартуу үчүн кайрадан Калкты тейлөө борборуна баруунун кажети жок. Аны “Түндүк” тиркемесинен жана порталынан узартууга болот.

Ал үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо керек:

  • https://esia.tunduk.kg шилтемесине өтүү;
  • “Жеке номер (паспортто көрсөтүлгөн жана 14 сандан турат)” жана “Сыр сөз” киргизүү менен кирүү керек;
  • Система көрсөтмөлөрдүн жардамы менен кол тамганы кантип туура узартуу керектигин көрсөтүп берет.

Электрондук кол тамганын мөөнөтү бүтөөрүнө 30 күн калганда жана 7 күн калганда электрондук почтага тиешелүү билдирүү келет.

Эскертүү: Электрондук кол тамганын мөөнөтүн онлайн түрдө жеке жактар гана узарта алышат!

Scroll to Top