Бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын “Тунгуч” кичи районунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан билдиришти.
10 жаштагы кыз окуя болгон жерде каза таап, айдоочу качып кеткен. Ал көп өтпөй Пригородный айылынан кармалды.
27 жаштагы жаран кызды көрбөй калганын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз