Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Тургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди
24.02.2026 | 12:43
Бүгүн, 24-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы Раимберди Дүйшөнбиевди №14 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Дүйшөнбий 23-февралда өз арызы менен мандатын тапшырган Кундузбек Сулаймановдун ордуна келүүдө.
БШК ошондой эле Жайлообай Нышанов №15 округ боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты кылып каттады. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна келди. Тургунбек уулу 12-февралда өз эрки менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Андан кийин 19-февралда жеке арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат


