Туура эмес жерге токтотулган кызматтык унаага айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарында мамлекеттик ишканалардын бирине таандык унаанын тыюу салынган жерде токтотп турган сүрөтү жарыяланган.
Бул окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматы иликтөө жүргүзүп, унаа тууралуу маалыматтарды тактаган.
Анын натыйжасында аталган унаа Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо департаментине таандык экени такталып, айып пул салынган.