Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленди — сүрөт

Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленди — сүрөт

Бүгүн, 26-декабрда Кыргызстандын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргызстандын баатырлары Медеткан Шеримкулов, Апаз Жумагулов, «Түрксой» эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, маданият тармагынын өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышты.

«Юбилейлик иш-чарада Түгөлбай Сыдыкбековдун даңазалуу, жемиштүү өмүрү, мекенчил көз карашы жана чыгармачылыгы эскерилип, анын кыргыз маданиятына, адабиятына тилине кошкон салымы сыймыктануу менен эскерилди. Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргызстандын Баатыры.

Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышкан.Т. Сыдыкбеков «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошуп, «Манас» – «Сейтек» эпосунун жыйынтыкталган вариантынын 3 томдугунун үчүнчү бөлүгүн редакциялаган жана басмага даярдаган», — деп белгилейт министрлик.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болуп, сый-урмат менен акыркы сапарга узатылган.

Түгөлбай Сыдыкбековдун сыйлыктары: Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1968-ж). Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954-ж). Т. Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Элдердин достугу» ордендери, СССРдин медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Эгемен Кыргызстандын Кыргыз Эл Баатыры наамын ал биринчилерден болуп алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>