Жогорку Кеңешти төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Социалдык тармактын колдонуучулары парламентти башка орчундуу маселелерге көңүл бөлүүгө чакырып, мамлекеттик желектин сүрөтүн жарыялап, аны өзгөртүүгө каршылыгын билдиришүүдө.
Парламентте дагы кесиптештеринин демилгесине сын айтылды, бирок Нурланбек Шакиевдин пикиринде, туудагы түндүк менен күндүн нурлары күн карамага окшоп калгандыктан аны өзгөртүү зарыл. Ал арада спикерди президент колдоп чыкты.
31 жылдан кийин авторлоруна туунун долбоорун кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.
Бул жолу долбоордун үстүнөн беш эмес, эки сүрөтчү — Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев иш алып барат. Маматбек Сыдыков менен Сабыр Иптаровдун көзү өтүп кеткен. Ал эми Эдил Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу катыша албайт.
Reporter.kg туунун авторлорунун бири Жусупбек Матаев менен маек курду.
— Агай 1992-жылы парламент тарабынан бекитилген туунун үлгүсү сакталганбы?
— Жок, тилекке каршы ал долбоор жок. Эскиздер парламентке берилген эле. Бирок өлкөдөгү эки жолку саясый окуяларда Ак үй менен бирге алар өрттөнүп кетиптир. Тилекке каршы авторлордо дагы сакталган эмес. Өткөндө жолугушууда Медеткан Шеримкулов (парламенттин мурдагы спикери) эскиздердин бирөөсү анда бар экенин айтты. Кийинки жолугушуубузга алып келет.
— Алгачкы сунушталган варианттардын түсү башка болуп, күндүн нурлары жок болгон экен?
— 1992-жылы парламентте туунун эскиздерин иштеп чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Ага 700дөн ашык долбоор келип түшкөн. Андан 150сү, андан кийин бешөө тандалып алынат. Беш долбоордун бирөөсүнүн авторлору — Бекбосун Жайчыбеков менен Сабыр Иптаров, калгандарында бирден. Эскиздердин үчөө көк түстө болгон. Меникинде үч түстөгү үч тилке, үстүндө түндүк бар эле.
Бешөөбүзгө чогуу бир вариантты иштеп чыккыла деген тапшырма беришет.
Депутаттарга туунун үстүнө түшүрүлгөн түндүк өзгөчө жагат. Алар көчмөн өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп, боз үйдүн түндүгүн түшүрүп алайлы деп кубатташат.
Бирок желектин өңү боюнча көпкө талашып тартышышкан.Анткени варианттардын көбү көк, түндүк ак түстө болчу. Көк түс көптөргө жакпай, “биз кызылды көтөрөбүз, Аскар Акаев өзүнүн көк желегин кабыл ала берсин”, — дегендер болгон.
“Легендарлуу парламенттин” басымдуу бөлүгү түштүктөн чыккан депутаттар болгондуктан көк түс өтпөй калган. Анда жалал-абаддык эл өкүлү, маркум Бекмамат Осмонов “көк түштүктүн айрым райондоруна гана аза катары эсептелет экен”, — десе дагы укпай коюшкан.
Талкууга Манас тануучулар дагы катышкан. Алардын бири баатырдын байрагы кызыл деп, эл өкүлдөрү анын кебине ынанышкан.
2011-жылы кайра эле көк асабабызды кайра көтөрөлү деп чыгышты го. Анда дагы Баткен менен Лейлектин депутаттары каршы болду. Ошондуктан өңүн өзгөртүү сунушуна кайра катып келүүнүн зарылчылдыгы жок болсо керек.
Бир да вариантта күндүн нурлары болгон эмес. Биз, авторлор ойлонуп олтуруп, кыргыздын кырк уурусун бир түндүктүн алдында бириктирели деп, ынтымактын символу катары күндүн нурлары тартылган.
Нурларын түз кылып тартканбыз. Кийин бул өтө эле курч болуп калыптыр, биз кыргыздар жумшак элбиз деп айтышкандан, бир аз ийип койгонбуз.
Негизи нурлары түз болсо дагы желек желбиреген кезде алар ийилип көрүнөт. Андыктан мында эч маселе жок.
-Азыркы туудагы түндүк менен күндүн нурлары “легендарлуу парламент” бекиткен вариантка дал келеби?
-Жок дал келбейт. Мына парламенттеги тууну карап көрсөңөр түндүк туура эмес тартылган. Алкагы жоон, ортодогу ууктары ичке болуш керек. Азыр ууктары жоон болуп, түндүктү басып калгандай. Аны ушу түндүк көрбөгөн шаардыктар жасап жатат шекилди. Күндүн нурлары дагы талпайып, өтө жоон, эпсиз тартылып жатат.
Айрым желектерде түндүк эмес эле, тебетей болуп көрүнөт.
Негизи мамлекеттик символдун эскизинде сүрөт миллиметрге чейин көрсөтүлгөн. Өлчөмү “Мамлекеттик символдор” боюнча мыйзамда дагы жазылган. Ал өзгөрбөй түшүрүлүш керек.
— Демек, тууну өзгөртүүгө каршы эмессиз?
— Биз баштапкы вариантына кайтып келүүнү колдойбуз. Болбосо барган сайын эле желегибизди тааныбай бара жатабыз. Бул жерде эми жаңы вариант жөнүндө кеп болгон жок, ошо тууралап коелу деп жатышат.
Парламентте авторлордун өзгөртүү киргизүү укугу бар деп айтышты.
Кеңешип, өзүбүздү оюбузду айтабыз. Анан аны кабыл алыш-албаш депутаттардын эрки.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз