Шергазы Мурзахмедов Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мурзахмедов Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык дайындалды.
Буга чейин Түп районунун акими Каныбек Адиев кызматтан кеткени маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз