Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Түркия кыргыз медиктерине боорду алмаштырууну үйрөтөт
24.01.2024 | 15:14
Улуттук хирургия борборунун адистери Түркиянын Инөнү университетинде боорду трансплантациялоо боюнча үч айлык окуудан өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар.
Түркия кыргыз медиктерин бекер окутуп, жатакана жана тамак-аш менен дагы камсыздайт.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш мыкты мекеменин бири болгон Түркиянын Инөнү университетинде болуп, кызматташуу келишимине кол коюлду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом