ИИМ: Үч жылда 15,9 тонна баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

ИИМ: Үч жылда 15,9 тонна баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

2021-2023-жылдары ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы тарабынан 15 тонна 951 кг 729 грамм баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган. Бул тууралу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызмат акыркы үч жылда 27 жашыруун лабораторияны аныктап, ишин токтоткон.

Аны менен бирге баңгизатты контактсыз сатуу боюнча 599 факт жана маңзат саткан 39 интернет дүкөн аныкталган. Алардын ичинен 20 интернет дүкөндүн иши токтотулуп, баңгизатты жарнамалаган 3 сайт жабылган.

ИИМ баңгизат менен күрөшүү багытында башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу жүрүп жатканын белгилейт.

«Россиянын, Япониянын жана АКШнын каржылоосу менен БУУнун БКБнын 3 долбоору ишке ашырылып/ишке ашырылууда. Анын алкагында Жалал-Абад жана Талас шаарларында БМЖКККнын аймактык бөлүмдөрү үчүн административдик имараттар курулган. БМЖКККнын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жүргүзүлүп, автотранспорт каражаттары жана учкучсуз учуучу аппарат комплекстери сатылып алынды. Аналитикалык борбор түзүлдү. Ошондой эле кадрдык потенциал чыңдалып, ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, баңгиликтин алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ билдиргендей, Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Европа биримдигинин КАДАП-7 программасынын алкагында баңгизаттын алдын алуу, баңгичиликтин абалы боюнча маалыматтарды чогултуу жана өздүк курамдын потенциалын жогорулатуу багытында натыйжалуу кызматташууну жүзөгө ашырат.

«Бул Программанын алкагында ушул жылы Борбордук Азиядагы биринчи наркотикалык борборду түзүү мерчемделүүдө, ал жаштар арасында баңги заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча таптакыр жаңы инструменттерди жана ыкмаларды берүүгө багытталган.

ЕККУ менен кызматташуунун алкагында баңги заттарды контролдоо, баңги заттардын алдын алуу, мыйзамдарды өркүндөтүү жана БМЖКККнын кадрдык потенциалын чыңдоо жаатында мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоону күчөтүү боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, аталган кызматтын кызматкерлеринин жөнгө салынган ишинин аркасында көп сандагы баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынып, ири улуттар аралык баңги топторунун аракеттерине бөгөт коюлуп, эң негизгиси көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калды.

«Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы элге пайда алып келе турган ишти жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча дагы көптөгөн иш-чараларды жүргүзөт», — деп ишендирет ИИМ.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>