Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алат. Бул тууралуу Социалдык фонд эске салды.
Маалым болгондой, 2020-жылы эки өлкөнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.
Келишимдин алкагында Кыргызстандын бир жараны (аял киши) Түркиядан пенсия алууда. Пенсия 490 лираны түзөт.