Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

20.11.2023 | 09:00

Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, маданият күндөрү 26-27-ноябрда өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын негизделишинин 100 жылдыгына жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулууда.

Маданият күндөрүнүн прогарммасы:

26-ноябрь, саат 15:00:

– Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы

Дареги: Анкара көркөм өнөр жана скульптура музейи

Саат 18:00:

– Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн ачылышы

– Кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

– Гала-концерт

Дареги: Опера жана балет театры

27-ноябрь, саат 10:00:

– “Кыргыз-түрк маданий жана адабий байланышы” конференциясы

Саат 11:30:

– “Чыңгыз Айтматов жана замандаштары” аттуу сүрөт көргөзмөсү

Саат 14:00:

– Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган “Шамбала” аттуу тасмасынын көрсөтүлүшү

Дареги: Гази университети

[image_carousel source=”media: 201559,201560,201561″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top