18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Бишкекте мас абалында унаа айдаган сот аткаруучу кармалды (видео)
19.11.2023 | 15:16
Бишкекте мас абалында унаа айдаган сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Бишкектин кайгуул кызматынан билдиришти.
Мас абалында кармалган айдоочу ичимдик ичип-ичпегенин ырастоо үчүн Наркология борборуна жеткирилген. Кайгуул кызматы бөлүшкөн видеодо көрүнгөндөй, сот аткаруучу тааныштарына чалып, кутулуп кетүүнүн айласын издеген. Ошондой эле “унааны башка адам башкарган” деп, мас болуп унаа айдаганын мойнуна алган эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгы айдоочу ичимдик ичкенин көрсөткөн.
Кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.
Эскерте кетсек, мас абалында унаа башкарган жарандар 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Мындай норма быйыл 8-марттан тарта киргизилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом