Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, маданият күндөрү 26-27-ноябрда өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын негизделишинин 100 жылдыгына жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулууда.

Маданият күндөрүнүн прогарммасы:

26-ноябрь, саат 15:00:

— Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы

Дареги: Анкара көркөм өнөр жана скульптура музейи

Саат 18:00:

— Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн ачылышы

— Кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

— Гала-концерт

Дареги: Опера жана балет театры

27-ноябрь, саат 10:00:

— «Кыргыз-түрк маданий жана адабий байланышы» конференциясы

Саат 11:30:

— «Чыңгыз Айтматов жана замандаштары» аттуу сүрөт көргөзмөсү

Саат 14:00:

— Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылган «Шамбала» аттуу тасмасынын көрсөтүлүшү

Дареги: Гази университети

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>