Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Түркиядан бир жылда 6 кыргызстандыктын сөөгү келди
19.02.2024 | 17:14
Түркияда 31 кыргыз жараны түрмөдө олтурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештинин эл аралык иштер комитетинин жыйынында элчи Руслан Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, 13 киши соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөөдө. Калган кыргызстандыктар сот өкүмүн күтүүдө.
Элчилик тарабынан 2023-жылы 6 “Жүк 200” жөнөтүлдү.
Түркияда 20 миң кыргыз жараны жашайт, жай айларында алардын саны 40 миңгей жетет.
“Туристтик сезон 7 айга созулат. Ал эми кыргызстандыктар 90 күн гана визасыз жүрө баштайт. Буга байланыштуу виза мөөнөтүн 6 айга улантуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө”, – дейт Руслан Казакбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом