Түркияга жардам: Бир күндүк маянасын которгон мекемелер (тизме)

16.02.2023 | 10:01

Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бир күндүк маяналарын которууда.

Бир күндүк эмгек акысын которгондор:

– КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;

– КР Финансы министрлигинин кызматкерлери;

– КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;

– КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери;

– Бишкек мэриясынын аппарат кызматкерлери;

– Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк маянасын);

– Бишкек акимчилигинин кызматкерлери;

– Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери;

– Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;

– Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери;

– Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин кызматкерлери;

– Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери;

– Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери;

– Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;

– Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;

– Коргоо министрлигинин кызматкерлери;

– Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ААКнын эмгек жааматы:

– Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты;

– Улуттук статистика комитетинин эмгек жааматы;

– Энергетика министрлигинин эмгек жамааты;

-“ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын эмгек жамааты;

– Жалал-Абад шаардык мэриясынын эмгек жамааты;

– ОшМУнун жамааты;

-Юстиция министрлигинин эмгек жамааты;

– К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты;

– Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жамааты.

Эскерте кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргызстанда акча чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркияга жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Каржы министрлигинин 15-февраль саат 10:00го берген маалыматына ылайык, атайын эсепке 17 млн 838,6 миң сом жана 13,5 миң рубль чогулган.

Кыргызстандыктар Түркияга жардам катары 13,96 млн сом чогултту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top