Алдамчылык иши: Сот экс-депутат камактан качан чыкканын айтты

Алдамчылык иши: Сот экс-депутат камактан качан чыкканын айтты

Биринчи май райондук соту, 15-февралда ММКларга чыккан «Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков камактан бошотулду» деген маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берди.

Соттон билдиришкендей, кылмыш иштеги материалдарга ылайык, Чойбеков 2020-жылдын август айынан сентябрь айына чейин алдамчылык жолу менен З.К. аттуу (аял киши) жарандын 300 миң долларына ээлик кылып алган деп айыпталууда. Ал парламенттик шайлоо учурунда З.К. аттуу жаранды «Кыргызстан» партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына сүрөө үчүн аталган акчаны үгүт иштерин жүргүзүү үчүн колдонууну убада кылган.

Белгилүү болгондой, мурдагы депутат 2021-жылы 16-сентябрда кармалып, камакка алынган.

Маалыматка караганда, Чойбековдун бөгөт чарасы 2021-жылдын 17-декабрында өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Анын себеби мурдагы депутат жабырлануучуга келтирилген 300 миң доллар зыяндын ордун толтуруп берген.

«2021-жылдын 17-декабрынан бери Руслан Чойбеков үй камагында жүрөт. Соттук териштишүү аяктай элек. Учурда күбөлөр суралууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Руслан Чойбеков 2021-жылы 16-сентябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. УКМК билдиргендей, экс-депутат 2020-жылдагы шайлоо учурунда депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Ага каршы арызды акча бергенин айткан адам жазган.

Руслан Чойбеков тергөө аяктаганга чейин камакта болот

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>