Түркияга жардам үчүн канча акча чогулду?

Түркияга жардам үчүн канча акча чогулду?

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке, 15-февраль саат 10:00го карата, 17 млн 838,6 миң сом жана 13,5 миң рубль чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Түркияга жардам үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалаган жарандар ал эсепке сом, доллар, рубль жана евро валютасында акча которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 35 миң 418 киши каза тапты.

Түркиядагы зилзалдан кыргызстандык аял каза болду.

Кыргызстандыктар Түркияга жардам катары 13,96 млн сом чогултту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>