Кыргызстандыктар Түркияга жардам катары 13,96 млн сом чогултту

Кыргызстандыктар Түркияга жардам катары 13,96 млн сом чогултту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке, 14-февраль саат 10:00го карата, 13 млн 962,6 миң сом жана 12,5 миң рубль чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин 10-февралда Каржы министрлиги атайын эсепке 12 млн 350 миң сом топтолгонун кабарлаган. Бирок 13-февралда мурда берилген маалыматта ката кетирилгенин, 13-февраль саат 10:00го карата эсепте 4 млн 958,8 миң сом жана 12,5 миң рубль чогулганын билдирген.

Белгилүү болгондой, Түркияга жардам үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалаган жарандар ал эсепке сом, доллар, рубль жана евро валютасында акча которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык куткаруучулар үч адамды урандылардын алдынан аман-эсен куткарышкан.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 31 миң 643 киши каза таап, 158 миң 165 адам жараат алды. Сирияда алты миңге жакын киши каза тапканы кабарланууда.

Түркиядагы зилзалдан кыргызстандык аял каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>