Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар арасында өрттөн жабыркагандар жок

Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар арасында өрттөн жабыркагандар жок

Кореянын түштүк-чыгыш аймактарында болуп жаткан ири токой өрттөрүнө байланыштуу, акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор катталган эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик Кореянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын жогорулатылган этияттык чараларын көрүүгө, ыйгарым укуктуу органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууга, ошондой эле өрт чыккан аймактарга жана жалын таралып жаткан жерлерге баруудан карманууга чакырат.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, Кыргызстандын Кореядагы элчилигине +82-10-6702-2124 «түз байланыш» номери аркылуу кайрылууну суранат.

DW агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореяда 21-марттан бери уланып жаткан токой өрттөрүндө өрттү өчүрүүгө катышкан тик учактын учкучу менен кошо кеминде 24 адам каза болду. 20га жакын адам жарадар болуп, миңдеген тургундарды эвакуациялоого буйрук берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>