Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Орозо айтта 9 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт
29.03.2025 | 10:14
Орозо айт майрамы учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.
30-мартта өлкө аймагындагы мечиттерде 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.
Коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, милиция кызматкерлери ыкчам кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга дароо жооп кайтаруу чаралары көрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар