“Учитель” чокусунан кулап кеткен орусиялык туристтин сөөгү табылды
Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында “Учитель” чокусунан түшүп келе жатып кулап каза болгон россиялык туристтин сөөгү тоодон түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-августта “Учитель” чокусунан Россия Федерациясынын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.
Жерине ӨКМдин Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган Н.К. жабыр тарткан эмес.
[image_carousel source=”media: 149533,149534,149535″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда