Президенттин кудасы алтын уткан балбандарга белек берди — сүрөт

Президенттин кудасы алтын уткан балбандарга белек берди — сүрөт

Түркияда өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулардын бир бөлүгү кайтып келди.

Балбандарды тосуп алууга Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев, топтун мүчөсү Арсланбек Малиев катышты.

Алар кыргызстандык балбандардын Ислам шериктештиги оюндарында көрсөткөн жыйынтыктары менен сыймыктана турганын белгилешип, өлкөнүн намысын коргогон спортчуларга жана машыктыруучулар тобуна ыраазычылык билдиришти.

Анда алтын медалга ээ болгон Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго кол саат, командага акчалай сыйлык тапшырылды.

Учурда Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасынын байге куржунунда 8 алтын, 6 күмүш жана 12 коло байге бар.

Белгилей кетсек, Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал өлкө башчынын эжеси Акат Жапарованын жолдошу Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: балбан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>