1992-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы аялды сүзгөн. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде жабырлануучу окуя болгон жерден мүрт кеткен.
Окуя 19-сентябрь күнү кечки сегиздер чамасында болгон. Ошондон кийин жергиликтүү тургундар бийликке нааразылыгын билдирип, жолду убактылуу жаап салган. Биздин кабарчы жеринен элдин муңун түз эфирде чагылырдырып, ал-жайын сурап барды.