УКМК: “Ак-Суу” базарынын ээси сойкукана уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн кармалды
Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким, ири ишкер, “Ак-Суу” базарынын ээси Б.К.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, уюшкан топ сойкукана иштетип, Б.К.А. сойкукана үчүн имарат берип, өзү да ал жердеги интимдик кызматтарды пайдаланып жүргөн.
Б.К.А. 30-ноябрда кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (сойкулукка тартуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштери уланууда.
[image_carousel source=”media: 202304,202302,202301″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз