УКМК: «Ак-Суу» базарынын ээси сойкукана уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн кармалды

УКМК: «Ак-Суу» базарынын ээси сойкукана уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн кармалды

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким, ири ишкер, «Ак-Суу» базарынын ээси Б.К.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, уюшкан топ сойкукана иштетип, Б.К.А. сойкукана үчүн имарат берип, өзү да ал жердеги интимдик кызматтарды пайдаланып жүргөн.

Б.К.А. 30-ноябрда кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (сойкулукка тартуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>