Акжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаарда акысыз автобус каттамдары уюштурулат
Ноокенде балдар 3 чакырым алыстыктагы мектепке барып окушат
01.12.2023 | 12:19
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу 220 кожолуу Бөбүй айылында мектеп жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев билдирди.
Анын айтымында, жакынкы мектеп кошуна айылда, 3 чакырым алыстыкта жайгашкан.
“Балдар күнүнө 3 чакырым басып мектепке барат. Айыл өзү чек арада жайгашкан, шарты оор. Ата-энелер өздөрү жеткирип, бирөөнү жалдаганга аракет кылышат, бирок баарында эле андай мүмкүнчүлүк жок. Ал айылда мектепке барып келиш – чоң азап. Мына кыш келди, эми балдардын коопсуздук маселеси дагы жаралат”, – деди депутат.
Эл өкүлү Бөбүйгө мектеп куруп берүүнү өтүндү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом